• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жаштарга жакшы колдоо

21 Кулжа 2018 19:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.  21. 06. 2018. Govori.TV

Окуу жылынын жыйынтыгы менен мыкты көрсөткүчкө жетишкен окуучулар, мугалимдер үчүн салтанат уюштурулду. Акчалай сыйлыктар менен катар Ысык-Көлгө жана Турция мамлекетине эс алууга жолдомолор тапшырылды. Бул тууралуу Нарын облусунун губернаторунун пресс катчысы билдирди.

Бүгүн, 2018-жылдын 21-июнунда, Нарын облусунун билим берүү тармагындагы жетишкендиктер белгиленди. Майрамдык чоң салтанат Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан окуучулардын билим денгээлин көтөрүү, аларга дем берип, мугалимдерди шыктандыруу максатында салт катары үчүнчү жыл уюштурулуп жатат. Иш чарада эл аралык жана республикалык олимпиадаларда, спорттук мелдештерде, облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактарда байгелүү орундарды камсыз кылган окуучулардын ийгилиги белгиленип, коомчулуктун катышуусу менен кызыл килем үстүндө жаш жеткинчектерге, ошондой эле мугалимдерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Облус бийлиги тарабынан үчүнчү жыл катары менен өткөрүлүп жаткан иш чаранын сыйлоо аземинде жылдан жылга катышуучулардын саны көбөйүүдө. Атай кетсек, 2016-жылы салтанатка 160 билим алдынкылары катышып сыйлык алышса, 2017-жылы — 195, ал эми 2018-жылы 351 катышуучу болду. Иш чаранын бир өзгөчөлүгү катары, балдарга билим, тарбия берип жаткан ата-эне, мугалимдердин, машыктыруучулардын эмгеги дагы белгиленет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жыл ичиндеги жетишкендиктерге токтолуп, катышуучулардын ар бирине ыраазычылык билдирди.

«Билим сапатын көтөрүү боюнча коомдук кеңеш түзгөнбүз. Талыкпаган эмгекти, изденүүнү талап кылган билим берүү тармагында акыркы эки жылда алгылыктуу иштер бар. Былтыр билим сапаты 49% болсо, бүгүнкү күндө билим сапаты 52% түздү. Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы. Былтыр акыркы орундарда элек, быйыл облустардын арасында 2-орунду алдык. Алтын сертификатты 2017-жылы 1 окуучу алса, быйыл айылдын 3 окуучусу алды. Биргеликте иш алып баралы. Сапаттуу билим берүүгө ата-эне, мугалим, ар бирибиз жоопкерчиликтүүбүз»,-деди облус башчы.

Билим берүү тармагынын мыктыларына 14 номинацияда баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 6 адамга Ысык-Көлгө эс алууга жолдомосу жана 1 адамга Турция мамлекетине эс алууга жолдомо тапшырылды. Сыйланучуларга жалпы 515 миң сом каражат облустук мугалимдердин Коомдук кеңешинин алдында түзүлгөн Апыш Койчуманов жана Көкөбай Мамбеталиев атындагы фондунан бөлүндү. Фонд мугалимдердин иш жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында 2017-жылы облус башчы А.Кайыповдун демилгеси менен түзүлгөн. Маалымат катары айта кетсек, Нарын облусунда 141 мектеп бар. 2017-2018- окуу жылында 57 миң 636 окуучу билим алып, 5 миң 947 мугалим эмгектенди. Окуучулар илим, спорт, көркөм өнөр жана башка жааттарда облустун, республиканын намысын коргошту. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 14 окуучу 200дөн жогорку балл алып, анын ичинен 220дан жогору балл топтогон 3 окуучу «Алтын сертификатка» ээ болду. Ал эми «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга 8 окуучу татыктуу деп табылды.

Эл аралык олимпиадалардан 16 окуучу байгелүү кайтты. Республикалык предметтик олимпиадада 5 окуучу 1-2-орундарды камсыздаса, облустук, республикалык жана Казакстан, Россия, Кытай өлкөлөрүндө өткөн эл аралык спорттук мелдештерде 44 окуучу жеңиштерге жетишти. Ошондой эле, кыргыз элинин маданий мурасы болгон «Манас» эпосун жеткинчектер арасында пропагандалоо максатында өткөрүлүүчү «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашында окуучулар республикада баш байгени жеңип алган.

Количество просмотров: 48