Бүгүн 21-ноябрда Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы белгиленип жатат.
90 жылдык маараке Т. Сатылганов атындагы филармонияда салтанаттуу жыйын менен башталды. Жыйында КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сүйлөп, чыгармачыл адамдарга түзүлүп жаткан шарттар боюнча айтып, бүгүнкү маараке менен Президенттин атынан куттуктады.
Андан кийин Жазуучулар союзу ушул кезге чейин жарыялаган чыгармачыл конкурстардын жыйынтыгы чыгарылды. «Алтын калем» конкурсунун адабияттын бардык салаасы: проза, поэзия, котормо, балдар адабияты, сын, драма жанрлары боюнча жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр 100 миң сом жана 50 миң сомдон турган сыйлыктар менен сыйланышты.