Бүгүн Бишкекте журналистика жаатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө.
Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, медиа-эксперттер, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышып жатат.
Белгилей кетсек, “Мейкин” сыйлыгынын негизги максаты — өлкөдөгү медиа жана журналистика тармагын өнүктүрүү, кесипкөйлүктү жана чыгармачылык активдүүлүктү көтөрүү.
Сыйлыктын байге фонду 10 млн сомдон ашат. Он номинациянын ар бирине 1 млн сомдон сый акы тапшырылары жарыя болгон.
Төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктар ыйгарылды:
«Бир эл бир түндүк» номинациясы -УТРК Айсулуу Асанбековага,
«Керемет Кыргызстан» — ЭлТР Аскар Маратовго,
«Салык өнүгүүгө салым» «Акчабар» сайтынын журналисти Мария Индинага,
«Билим Келечек» «Кутбилим» гезитинин редакциясына,
«Куттуу элет» — УТРКнын Ысык-Көл телеканалынан Гүлбарчын Молдоевага,
«Мекен жана мен» — «МИР» ТРК Аида Аматбековага,
«Мекендештер» — ютуб блогер Дооронбек Адахановго,
«Кыргызстанда чыгарылган» — ЭлТР Рахат Кыдыртокоевага,
«Сергек жашоо» — Спутник, Елена Череменинага,
«Таза Мекен» — эркин журналист Улан Эшматовго ыйгарылды.