• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жээнбековдун жолунда бомба бар деп кайсы чиновник коркуткан?

6 Бештин айы 201711:11 Бишкек Govori.TV

Сооронбай Жээнбеков ант берген күнү өкмөттөгү шакабачы бомба бар деп шакаба чеккен. Окуянын жүрүшү тууралуу “Дело №” гезити бүгүнкү санында жазып чыкты

Ант берүү күнү өкмөттүк жолго бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат түшкөнү ММКга үч күндөн кийин гана белгилүү болгон. Президенттин кортежи өтө турчу жолго бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматты  ИИМ академиясынын курсантына мамлекеттик номери 1522 ВК  “Лексус” айдаган жаран айткан.

Жерине келген Бишкек ШИИБнин оперативдик-тергөө тобу эч нерсе тапкан эмес, ал эми материал андан ары териштирилүү үчүн УКМКга өткөзүлүп берилген.

1522 ВК мамлекеттик номери такыр башка унаага – Тайота Камриге таандык экени белгилүү болот.

Гезиттин маалыматы боюнча шакабачыны табышкан. Гезиттин жазуусунда ал мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев болуп чыккан.

Зилалиевдин жолтандабасынын номери 1522 ВК эмес, 1532 ВК экени белгилүү болду.(Эң биринчи адашуу курсант кыздын номерди адашып жаттап калуусунан болушу мүмкүн). Негизи, Зилалиев унаасын өзү башкарат, бирок ал күнү эмнегедир айдоочусун отургузган. Зилалиевдин 2016-жылкы декларациясында эч кандай “Лексус” жок- дейт “Дело №”

Ал эми, Дүйшөнбек Зилалиев 24.kg агентигине –“Мага бул иш боюнч кайрылышкан. Мындай болушу мүмкүн эмес. Карандай калп”-деп жооп берген.

Количество просмотров: 24