• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жеңиш күнүнө карата улуттук оюндар Жалал-Абадда өтөт

22 Чын куран 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Улуу Жеңиш күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер Жалал-Абад облусунда өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Маалыматка ылайык, оюндар Жалал-Абад шаарындагы «Телтору» ат майданында 2-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген командалар катышары күтүлүп жатат.

«Көк бөрү, эр эңиш, ат оюндары, кунан чабыш, ат чабыш, тай чабыш, кыска аралыкка ат чабуу, бышты жорго, аламан ат чабыш, салбурун боюнча жарышат. Жалпы байге фонду 4 миллион сом»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, оюндар Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Количество просмотров: 75