• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жээнбек Кулубаев белгилүү австриялык дипломат Мартин Сайдикти кабыл алды

26 Жалган куран 2023 13:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев белгилүү австриялык дипломат, Кыргыз-Австрия достук коомунун жетекчиси, Австриянын Европа саясаты жана коопсуздук саясаты институтунун кеңешинин мүчөсү Мартин Сайдикти кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу 25-мартта өттү. Анын жүрүшүндө министр Кулубаев өткөн жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы болгондугун белгилеп, М. Сайдиктин эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу мындан ары да чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде Мартин Сайдик Жээнбек Кулубаевге Австриянын Европа саясаты жана коопсуздук саясаты институтунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты

Количество просмотров: 68