• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров БАЭнин энергетика министрин кабыл алды

7 Тогуздун айы 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруини кабыл алды.

Өлкөлөр ортосундагы өнүгүп келе жаткан кызматташтыктын келечеги, соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилеп, БАЭ араб ааламында негизги соода өнөктөш экенин айтты.

Садыр Жапаров Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрү менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташуу ушул жылы жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн баса белгиледи.

Тактап айтканда, Кыргызстан менен БАЭ ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүп жатканы белгиленүүдө, мындан башка ушул жылдын 1-июнунан баштап «Wizz Air Abu Dhabi» авиакомпаниясы Абу-Даби менен Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын жүргүзө баштады. Ошондой эле кыргыз тарап Бишкек шаарында БАЭ элчилигинин ачылышын күтүүдө.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү тууралуу БАЭ Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян менен акыркы жолугушуунун алкагында макулдашканын айтты.

Президент Садыр Жапаров шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырганын эстетти.

Өз кезегинде БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын, Вице-президент, премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун, вице-президент, премьер-министрдин орун басары, БАЭ Президентинин иштери боюнча министри шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайяндын атынан саламдарын айтты. Ал өз өлкөсүнүн жетекчилигинин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты ар кыл чөйрөдө кеңейтүүгө жана бекемдөөгө умтулгандыгын баса белгиледи.

Сухейль Аль-Мазруи Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында өлкөнүн профилдик министрлиги менен энергетикалык кызматташтыкта оң натыйжаларга жетишилгенин канааттануу менен билдирди.

Министр ошондой эле бир катар эмираттык компаниялардын бул багытта кызматташтыкты арттыруу максатында Кыргыз Республикасында биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга өзгөчө кызыкдарлыгы жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү жаатында дүйнөлүк лидер болуп саналган Masdar компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын куруу долбооруна байланыштуу маселе талкууланды.

Количество просмотров: 106