• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Жээнбековдун Ысык-Көлдөгү «Асыл-Таш» пансионаты мамлекетке өттү

22 Жетинин айы 202419:44 Бишкек Govori.TV

«Асыл-Таш» пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында болжолдуу баасы 1 млрд сомдон ашык имараттары жана курулмалары бар “Асыл-Таш” мүлктүк комплекси, ошондой эле 13,33 Га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

«Жээнбеков Равшан Бабырбекович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турганда 2002-жылы Маммүлкком фонду тарабынан 13,33 га участокту жана «Асыл-Таш» пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 млн 703 миң сомго төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатуу үчүн буйрук чыгаргандыгы аныкталган. Ошол эле учурда аталган комплекс Р. Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон. Ошону менен бирге, УКМК тарабынан учурда «Асыл-Таш» пансионатына жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында турган, жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер участокторун мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Асыл-Таш» пансионатынын ээси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы, учурда «Кемпир-Абад» иши боюнча айыпталып жаткан Р.Жээнбеков болгон.

Количество просмотров: 361