Экс-депутат Мирлан Жээнчороев акыйкатчы кызматына талапкер болуудан баш тартты.
Жээнчороев парламенттеги эки «Альянс» жана «Ынтымак» фракцияларына жана «Элдик» депутаттык тобуна ишеним көрсөтүп, талапкерлигин көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, бирок бул кызматка талапкерлигин көрсөтпөө чечимине келген.
«Башка долбоорлор жана партиялык иштер менен алек болгонума байланыштуу», — деп түшүндүрдү Мирлан Жээнчороев.
Буга чейин “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу Акыйкатчылыкка экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле “Ишеним” фракциясы өз талапкери, юрист Канымба Карабаеваны колдоону көздөп жатканы белгилүү болду.