• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

ЖК депутаттары ишин баштап, жыйынга чогулду

1 Аяк оона 2022 10:35 Бишкек Govori.TV

1-сентябрда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин баштады. Расмий ачылыш КР Гимни менен кошотолуп, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттарды куттуктап, жаңы сессиянын ачылышында ийгиликтерди каалады.

Ачылыштан соң айрым депутаттар жыйынды улантуу, күн тартибине ар кандай меселелерди киргизүү сунушун келтиришти. Бирок, төрага Талант Мамытов эмки аптага чейин ЖК комитеттеринде талкууларды жүргүзүп, даярданып андан соң жалпы жыйынга чогулууну айтты.

Натыйжада, ЖК депутаттары эмки жумада жалпы жыйынга чогулмай болушту.

30-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын биринчи сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланган.

Количество просмотров: 66