• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Үгүт өнөктүгү башталды

10 Кулжа 2024 11:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 2024-жылдын 29-юнунда саат 08:00дө аяктайт.

Аталган округдар боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен экөө аял.

Жалпысынан мөөнөтүнөн мурдай шайлоого 44 талап катышуу тууралуу арыз берген, анын ичинен 12 талапкер катышуудан баш тартып, 3 талапкерди каттоо жокко чыгарылды.

Белгиленгендей, үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнга белгиленген.

Количество просмотров: 71