Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкерди каттады.
Анын ичинде №2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды.
Бул аймактар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү 28-мартта аяктаган. Талапкерлерди каттоо 8-апрелге чейин, андан кийин 27-апрелге чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.
28-апрелде өлкөдө жалпы үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.