• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Үч округдан 42 киши талапкер болуу үчүн арыз берди

29 Жалган куран 2024 10:54 Бишкек Govori.TV

28-мартта Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Ош округунан 18 (эки аял), Кара-Суу менен Баткен округдарынан 12ден (баары эркек) киши шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берди.

Үч округда шайлоо 28-апрелде өтөт.

13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмонов өз арызынын негизинде мандатын тапшырган. Ошондой эле Боршайком 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыз боюнча депутаттык мандатынан ажыраткан.

Количество просмотров: 117