• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ЖК комитети Акыйкатчы кызматына талапкерлерди колдоду

16 Бугу 202312:05 Бишкек Govori.TV

16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди карап, экөөнү тең колдоду. Маселе 17-майда парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин фракцияларынан эки талапкер сунушталды.

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясы талапкер катары башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамиля Жаманбаеваны, ал эми «Ыйман нуру» фракциясы Кулира Кубатованы көрсөттү.

Количество просмотров: 87