• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

ЖК комитети уран кенин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун карайт

27 Бугу 2024 9:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөдөгү уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун карайт.

Министрлер кабинети даярдаган мыйзам долбооруна ылайык, 2019-жылдагы уран менен торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгаруу каралган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 19-февралда Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда Кызыл-Омпол уран кенин кайра иштетүү маселеси көтөрүлгөн. Кийин жергиликтүү тургундардан, активисттерден, эксперттерден турган комиссия да түзүлгөн.

Количество просмотров: 59