• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖКнын дагы бир комитети ЖМК мыйзамын биринчи окууда жактырды

30 Үчтүн айы 2024 16:24 Бишкек Govori.TV

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 30-январдагы жыйынында каралып, колдоо тапты.

Ошол эле учурда бул мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушталды.

Ал эми депутат Алишер Эрбаев сунушталып жаткан мыйзам долбоорун сынга алды.

«Мындай мыйзам долбоорун алып келиштин өзү уят. Биз мыйзамды көз боёмочулукка же болбосо бирөөнүн үстүнөн чектөө үчүн жазбашыбыз керек»,-деди Эрбаев.

Буга чейин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында аталган мыйзам долбоору депутаттардын көпчүлүк добушу менен биринчи окууда кабыл алынган. Долбоорго депутаттар Тазабек Икрамов менен Бактыбек Чойбеков каршы добуш берди.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 69