Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин кароосуна киргизилди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов комитеттен мыйзам долбоорун биринчи маселе катары кароону өтүндү, бирок документ отурумдун жүрүшүндө каралмай болду.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.
Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.
Бул демилге коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.