Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары шайланды.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Аалиев;
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Аманкан Кенжебаев;
Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Динара Ашимова; Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагалыгына Азиз Турсунбаев;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Бакыт Сыдыков;
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Данияр Төлөнов;
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүн Өмүрзаков;
8 комитеттин бирөөнө гана эки талапкер ат салышты. Алсак, Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына талапкер Жанар Акаев («Альянс» фракциясы) — 45, Тазабек Икрамов (Элдик топ) 38 добуш алып экөө тең өткөн жок.Акаевге бир добуш жетпей калды. Аларды кайра шайлоо өтөт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш түзүмүн бекитти. Ага ылайык, парламенттин 8 комитети түзүлдү. «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, «Ишеним» фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды.