• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК: Милицияга кол көтөрдү деген Эрнест Молдошев 24-мартта жумуштан бошотулган

27 Жалган куран 202014:14 Бишкек Govori.TV

Милицияга кол көтөрдү деген Эрнест Молдошев 24-мартта жумуштан бошотулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Эрнест Молдошев 24-март күнү өз арызынын негизинде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчылыгынан бошотулган.

«Ал эми окуя 25-мартка караган түнү болду деп уктук. Ал ага чейин эле жумуштан бошогон», — деди Нуракун уулу.

Буга чейин Эрнест Молдошев аттуу жарандын 25-мартка караган түнү Бишкекте Кайгуул милициясынын кызматкерлерине мас абалында кол көтөргөнү кабарланган. Маалыматка ылайык, аталган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 26-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 485