• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖКда Акбөкөн Таштанбеков ант берди

12 Үчтүн айы 2022 10:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков бүгүн, 12-январда парламенттин жалпы жыйында ант берди.

Белгилей кетсек, Таштанбеков 10-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо тууралуу тил катына алмаштырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы №30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Акбөкөн Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган.

Таштанбеков VII чакырылыштын 29-декабрдагы биринчи отурумунда ант берген эмес. Аны Улуттук коопсуздук комитети «Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыптап камакка алган. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековду депутат кылып каттаган.

Количество просмотров: 162