• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК электрондук тамекиге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

26 Кулжа 202413:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

ЖК мыйзам долбоорун II жана III окууда кабыл алды

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Исатбек кызы Аида.

Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева маалымат берди.

Мыйзам долбоорунун максаты жаш жарандардын ден соолугун электрондук тамеки колдонуудан коргоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашын жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу. Алсак, электрондук сигареттерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга — эсептик көрсөткүчтүн 400 өлчөмүндө, юридикалык жактарга-эсептик көрсөткүчтүн 600 өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө бузуу жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди ташып келүү-1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Талкууда депутат Камила Талиева мыйзам долбоорунун актуалдуулугун айтып, мыйзамдык чектөө жаш жарандарга эмес жалпыга тиешелүүлүгүн белгиледи. Эл өкүлү мыйзамдагы терминдерди так колдонуу сунушун берди. Депутат Эльвира Сурабалдиева айып пулдардын өлчөмүнө, аларды жөнөкөй жарандардын төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду. Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөрдө сатылуучу тамекини көзөмөлгө алуу, бул багытта мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоорунун максаттарына жана милдеттерине өзгөчө көңүл бурду.

Количество просмотров: 74