• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ЖКда селдин кесепетинен каза болгондор эскерилди

14 Теке 2021 10:34 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда болгон селдин кесепетинен көз жумган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйын учурунда бир мүнөттүк эскерүү жарыялашты.

Төрага Талант Мамытов каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, ЖК жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Аксыда 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Алты адамдын сөөгү табылган. Селден каза болгондордун жетөө Ак-Жол, ал эми дайынсыз болуп жаткан беш жаштагы бала кошуна Жаңы-Жол айылынан.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.

Количество просмотров: 147