• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖККУ кеңешинин мүчөлөрү Казакстанда курман болгондорду эскеришти

10 Үчтүн айы 2022 14:19 Бишкек Govori.TV

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезексиз онлайн жыйынынын башында кеңештин мүчөлөрү Казакстанда курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Кеңешке төрагалык кылуучу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бүгүн Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү экендигин айтты. Кеңештин мүчөлөрү нааразычылык акциясында каза болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Кыргызстандын атынан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышууда.

Количество просмотров: 371