• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖККУнун аскерлери Казакстандан чыгарыла баштайт

13 Үчтүн айы 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

13-январдан баштап коңшу Казакстандан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлери өлкөдөн чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыда өткөн жыйында билдирген.

«ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү өлкөдөн чыгып кете башташат. Мен тиешелүү мамлекеттердин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Учурдан пайдаланып, бир нече күн ичинде аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдиргим келет. ЖККУнун аскерлери Казакстанда, анын ичинде Алматыда болушу биздин өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда абдан маанилүү роль ойноду. Мен дагы бир жолу өзүмдүн кесиптештериме – мамлекет башчыларына ыраазычылыгымды билдирем», — деп билдирген Токаев.

Эске салсак, Казакстандагы соңку нааразылык толкун 2-январда Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Митингдерде элдин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылган. Демонстранттар «Чал, кет!» деп ураан чакырып, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бийликтен толук кетишин талап кылышкан. Бул акциялар өткөн аптада Алматы баштаган шаарларда Казакстандын тарыхындагы эң ири башаламандык менен коштолду. Адам өмүрлөрү кыйылып, имараттар, автоунаалар өрттөлүп, бир катар соода жайлары тонолуп талкаланды.

Алматыдагы тополоңду улай президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчтөрү келди. Президент Токаев Казакстандагы акыркы күндөрдө болгон окуялар “бандиттердин жана террористтердин” чабуулунун натыйжасы болгонун айтты. Орусия баштаган уюмга мүчө мамлекеттердин дээрлик баары Казакстандын жетекчилигине колдоо көрсөтүшүп, деструктивдүү күчтөрдүн коркунучун бир ооздон белгилешти. Буга чейин Казакстандын бир катар шаарларында митингге чыккандар “биз карапайым калкпыз, террорист эмеспиз” деп билдиришкен болчу.

Кошумчалай кетсек, ЖККУга Орусия жана беш пост-советтик өлкө кирет. Алар: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан.

Количество просмотров: 95