• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖККУнун аскерлери Казакстандан чыгарыла баштайт

11 Үчтүн айы 202211:54 Бишкек Govori.TV

ЖККУнун Казакстандагы миссиясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев парламентте өлкөнүн жаңы премьер-министрин бекитүү учурунда билдирди.

Анын айтымында, антитеррордук операциянын курч фазасы өттү. 13-январда баштап ЖККУнун аскерлерин этап-этабы менен чыгаруу башталып, ал 10 күндөй уланат.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Учурда өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан 150 аскер кызматкери барган.

Количество просмотров: 593