Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров АКШда курьер болуп иштеп жатабы? Бул суроонун айланасында социалдык тармактын колдонуучулары талкуу жаратышты.
Буга себеп соцтармакка Улукбек Кочкоровдун унаанын багажына баштыктарды жүктөп жатканы тартылган видеонун жарыяланганы болду.
Көптөгөн колдонуучулар анын адал иштеп жатканын белгилеп, колдоо көрсөтүштү.