Кечээ 10-декабрда Бишкекте 2024-жыл ичиндеги Кыргыз футбол биримдиги — KFU Football Awards мыкты деп тапкан футболчуларды сыйлоо аземи өткөрүлдү.
12 аталыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Быйылкы жылдын мыкты футболчулары деп Жоэл Кожо менен Айжан Боронбекова табылды.
КФС президентинин буйругу менен Жоэл Кожо жана мыкты машыктыруучу деп табылган Ислом Ахмедовдун ар бири 500 миң сом менен сыйланышты.
KFU Football Awards жеңүүчүлөрүнүн толук тизмеси мындай болду:
— мыкты футболчу — Кожо Жоэл
— мыкты футболчу — Айжан Боронбекова
— мыкты жаш футболчу — Эрмек Кенжебаев
— мыкты футзалчы — Кайрат Кубанычов
— футбол боюнча мыкты машыктыруучу — Ислом Ахмедов
— кыз-келиндер футболу боюнча мыкты машыктыруучу — Гүлбара Уматалиева
— футзал боюнча мыкты машыктыруучу — Мирланбек Абдыкадыров
— футбол боюнча мыкты рефери — Вероника Бернацкая
— футзал боюнча мыкты рефери — Талантбек Раимбердиев
— мыкты футболдук клуб — «Абдыш-Ата»
— мыкты аймактык уюм — Жалал-Абад облусунун футбол ассоциациясы
— мыкты спорттук уюм — «Барселона» футбол академиясы