• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш 11-майда жыйынга чогулат

5 Бугу 2022 9:23 Бишкек Govori.TV

11-майда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалат.

Жыйындын күн тартибинде карала турган маселелер (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

«Сырткы видеобайкоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечи Министрлер кабинетинин төрагасы. Буга чейин тармактык  комитетте каралган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи өкмөт. Ага чйин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет караган.

«Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет.

«Эл аралык чукул жардам жөнүндө», «Өрт коопсуздугу жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө», «Күрөө жөнүндө»   мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралат.

Количество просмотров: 83