• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жогорку Кеңеш жыйынга чогулат

5 Жетинин айы 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш бүгүн, 5-ноябрда жалпы жыйынга чогулуп, бир нече маселени карайт. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, күн тартибиндеги биринчи маселе – президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка быйыл 5-6-октябрдагы окуялар учурунда келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүү.

Мындан тышкары депутаттар өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу өкмөттүн маалыматын угушат, андан кийин өкмөттүн экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча ишин талкуулашат.

Количество просмотров: 43