Маркум Улан Чолпонбаевдин ордуна Закир Шарапов депутат болуп келди
Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата-Журт» фракциясына Закир Шарапов жаңы депутат болуп келип, ант берди.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Закир Шараповду салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.
Шарапов маркум депутат Улан Чолпонбаевдин ордуна келди. Чолпонбаев 11-ноябрь күнү узакка созулган оорудан улам 40 жашында көз жумган.