• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңеште саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

26 Үчтүн айы 2023 14:29 Бишкек Govori.TV

27-январда, саат 10:00дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт.

Аталган Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу, башкача айтканда, саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган.

Сунуш кылынып жаткан Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы 1918-1953-жылдардагы окуялар боюнча тарыхый адилеттүүлүктү бекемдөөгө, “кызыл террор” жана сталиндик репрессия жылдарында укукка жат массалык репрессияларга дуушарланган Кыргызстандын көптөгөн жарандарынын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Акаев, Шакиев Н.Т., Султанбекова Ч.А., Самыйкожо М.М.

Количество просмотров: 26