Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулат. Бул тууралуу Govori.TVга депутат Дастан Бекешев билдирди.
Маалыматка караганда, депутаттардын жыйыны саат 11:00дө башталат. Премьер-министрлик кызматка учурдагы Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов көрсөтүлүп жатат.
Көпчүлүк коалиция премьер-министрдин талапкерлигин, өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин ал парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралып, парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.