• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин жыйынына премьер-министрди чакыруу сунушталды

30 Чын куран 2020 10:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.

«Өзгөчө абалды узартуу жарлыгын кароо учурунда премьер-министр Абылгазиевди жана биринчи вице-премьер-министрди чакыралы. Бул жерде көптөгөн түшүнүксүз маселелер болуп жатат. Алар каржы боюнча төрт башка маалымат берип жатышат. Эки апта мурун токтом кабыл алып, кризиске каршы программанын планын бергиле дегенбиз. Аталган планды Жогорку Кеңешке да бериши керек», — деди Масалиев.

Количество просмотров: 172