• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жол тескөөчүнү машинеси менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

24 Бугу 202612:08 Бишкек Govori.TV

Кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, 23-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Юнусалиев көчөсүндө Hyundai Accent жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда майда жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Тиешелүү материалдарды толтуруу учурунда Hyundai Accent үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу милициянын кайгул кызматынын кызматкерине укук бузуу жөнүндө протокол түзүү үчүн документтерин берүүдөн баш тарткан. Андан соң окуя болгон жерден качууга аракет кылып, кызматкер машиненин алдында турган учурда автоунаасын айдап кеткен. Жол тескөөчү унаанын капотунда бир нече аралыкка чейин сүйрөлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 160