Ырчы 5 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Оксана аттуу кызга үйлөнүп, бүгүн тою өтүп жаткан кези. Учурда жаш жубайлардын достору куттукташып сүрөттөрүн социалдык тармактарга чыгарып жатышат.
“Келинчегим Оксана Оштун Жапалак айылынан болот. Спорт чебери жеңил атлетика менен машыгып чуркоо боюнча бир нече байгеге ээ болгон. Ал мени өзүнүн жөнөкөйлүгү, боорукерлиги менен тартып алды”, -дейт Жоодарбешим.
Эске сала кетсек, Жоодарбешим “Кайнене” «Жаман ойлобо», «Жубайым болчу», «Баары жалган», «Унут мени» деген ырлары менен белгилүү.