ЖРТ талап кылынбаган адистиктердин тизмеси жарыяланды
ЖРТ талап кылынбаган адистиктердин тизмеси жарыяланды
14 Бирдин айы 2024 11:39 Бишкек Govori.TV
Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди окууга кабыл алууда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары керек болбогон даярдоо багыттары менен адистиктердин тизмесин бекитти.
Тиешелүү буйрук 7-февралда кабыл алынган.
Код/ даярдоо багыттарынын/ адистиктердин аталышы:
Дене тарбия жана спорт;
Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия);
Искусство таануу;
Театр таануу;
Хореография искусствонун тарыхы жана теориясы;
Музыка таануу;
Кино таануу;
Кинооператорлук;
Көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясы;
Инструменталдык аткаруучулук (инструменттердин түрлөрү боюнча);
Вокалдык искусство (вокалдын түрлөрү боюнча);
Дирижерлук кылуу (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча);
Композиция;
Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча);
Үн режиссурасы (колдонулуучу багыттары боюнча;
Актердук өнөр;
Режиссура (колдонулуучу багыттары боюнча);
Театралдык-декорациялык искусство;
Хореографиялык өнөр;
Хореографиялык режиссура;
Хореографиялык педагогика;
Дизайн;
Интерьер жана жабдуулар;
Декоративдик-колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүк;