• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

22 Теке 202217:47 Бишкек Govori.TV

25-июлдан тарта Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Кулатовдон Лев Толстойго чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн боюндагы магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштери иштери 2022-жылдын 1-октябрына чейин жүргүзүлөт.

Жаңылоо иштери Бишкек шаарынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын буйругунун негизинде жүрүп жатат.

Количество просмотров: 169