• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жума жыйынтыгы: Ашмалтай авиакаттамдар… «Кокуй» кодекстер…

25 Үчтүн айы 2019 16:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

Бул жуманын башында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында ички каттамдагы авиация маселеси көтөрүлдү.  18-январда “Эйр Манас” ички авиакаттамы учпай калган. Авиабилеттер алдын-ала сатылгандыктан, жүргүнчүлөрдүн арасында бир ай мурда алгандары дагы болгон. А бирок, учактын учпай калышы тууралуу жүргүнчүлөр аэропорткко келгенде гана билишкен. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов айтты.

Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу учактын учпай калганын айтты. Самолеттун бузулганы учаар алдында белгилүү болгонуна байланыштуу, жүргүнчүлөргө алдын-ала эскертүү үчүн убакыт жетишсиз болгон.

Бул маселеге катарлаш эле депутат Махабат Мавлянова Ош аэропортундагы унаа токтотуучу жайдан мыйзамсыз акча алынып жатканына токтолду.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеште жыл башынан бери эле түкүрүк маселесине чекит коюлбай келет.  Бул жумада ал маселе иаанилүү болду. Парламент 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Эл өкүлү Үмбөталы Кадыралиев 5500 сом айып кантип, эмненин негизинде эсептелгенине кызыкты. С

Депутаттын бул суроосуна эксперттик топтун мүчөсү Тахмина Шералиева жооп берди.     

Күчүнө кирген кодекстер тууралуу Эл өкүлү Кожобек Рыспаев төмөнкүлөргө токтолду.

Кыргызстандын өкмөтү жаңы кодекс боюнча калкка маалымат берүүдө начар иштеген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.С

Бул туурасында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков төмөндөгүдөй жооп берди.С

Жаңы киргизилген кодектерде кемчиликтер көп экенин жана ага өкмөт ага даяр болгон эместигин депутат Исхак Масалиев белгиледи. С

Ошентип Жогорку Кеңеште жаңжалы көп жаңы кодекстерге жумшалган 13миллион 600 миң евро акча каражатынын кайда жана кандай жумшалганын текшерүү сунушталды. Жыйынтыгы кандай болоорун убакыт көрсөтөт.

Количество просмотров: 27