• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жылдык бааларды чыгарууда окуу жылынын алгачкы үч чейреги негиз катары алынат

8 Чын куран 2020 17:40 Бишкек Govori.TV

Дистанттык окутуу учурунда мугалимдер окуучулардын аткарган тапшырмалары үчүн бааларды коюшат. Бирок жылдык бааларды чыгарууда окуу жылынын алгачкы үч чейреги негиз катары алынат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Кыргызстандагы мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн бүгүн, 8-
апрелден тарта дистанттык окутуу башталды.

“КР Билим берүү жана илим министрлиги ѳлкѳдѳгү убактылуу кырдаалды эске алып, 2019-2020- окуу жылынын IV чейрегин дистанттык форматта жүргүзүү чечимим чыгарып, бүгүн 8-апрелде республикабыздын бардык региондорунда окуу башталды”, — деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу боюнча жаралган суроолор үчүн 5858 ыкчам байланыш номерин ишке киргизди.
Министрлик тарабынан даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4- класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге бериле баштады.
Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер,
теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жана “МЕГА 24” тиркемесине жайгаштырылган.

“Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо борбору 4-11-класстардын оокучуларынын жетишкендиктерин баалоо үчүн какомплекстүү тесттерди иштеп чыкты. Бул тесттерди ошондой эле онлайн жана офлайн режимдеринде пайдаланса болот”, — деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Н.Жусупбекова белгилегендей, аталган тесттер oku.edu.gov.kg порталында дагы жеткиликтүү.

Количество просмотров: 66