• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

 Жумгалда»КСДП Атамбаевсиз» ураанын колдогон жыйын өттү

27 Аяк оона 2018 18:10 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
Нарын облусунун Жумгал районунда «КСДП Атамбаевсиз» ураанын колдогон жыйын өттү. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жыйынга Жумгал районунун 13 айыл өкмөтүнөн келген делегаттар катышып, «КСДП Атамбаевсиз» ураанынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов сунуштаган резолюцияны бир добуштан колдоого алышкан.
Резолюция бир нече пункттардан турат. Алардын негизгиси: Республиканын баардык аймактарында «КСДП Атамбаевсиз» деген ураандын алдында партиялык райондук, облустук кезексиз жыйындарды өткөрүү, партиянын саясий кеңешиндеги жана партиянын татыксыз мүчөлөрүнөн арылуу. Ушундай эле жыйын эртең Нарын шаарында өтөрү кошумчаланган.
Абдрахманов «КСДП Атамбаевсиз» деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Кочкор, Москва, Панфилов, Сокулук жана Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн.
Количество просмотров: 19