Нарын облусунун Жумгал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Миң-Куш, Сары-Булуң айылындагы 3 турак үйдүн айдоо жерлерин каптаган.
Маалым болгондой, буга тоо кыркаларынан чоң көлөмдө келген сел суулары аталган айылдардан сайы аркылуу агып жатып, нугунан чыкканы себеп болгон.
Анын кесепетинен ошондой эле Чаек — Миң-Куш жолунун 38 чакырымындагы жолго кум-шагыл толуп калган. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө. Жол эки тараптуу ачылган.