• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жунушалиев: “Манас” университети, Миңжылкиев көчөсү тууралуу маселени жабыш керек, жол ачылат

15 Чын куран 202619:16 Бишкек Govori.TV

“Манас” университети, Миңжылкиев көчөсү тууралуу маселени жабыш керек, жол ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев айтты.

Жунушалиев соцтармакка жарыялаган кайрылуусунда «Манас» университетинин аймагы аркылуу өтүүчү жол ачыларын, андан жашыл аймак жабыркабасын айтып, шаардагы Баласагын атындагы, Карасаев атындагы, Раззаков атындагы университеттердин чоң көчөлөрдүн боюнда коопсуз турганын мисал келтирди.

«Манас» университети, Миңжылкиев көчөсү тууралуу маселени жабыш керек. Жол ачылат, ачабыз. Ал жерде коопсуздук маселелеринин баарын чечебиз, талаптарды да коебуз. Канча жылдан бери кылбаган иштерин, университетке да талап коебуз. Үч күндөн бери университеттин студенттери кандай тарбия алганыңарды көрдүк, орусча да, кыргызча да сөгүп, аны Фейсбукка коюп атасыңар. Бул эмне деген тарбия?» — деди мэр.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кампусун кесип өтчү жаңы жолду ачууну көздөгөн Бишкек мэриясынын демилгесине университеттин бир катар студенттери, бүтүрүүчүлөрү, айрым шаар тургундары каршы чыгууда.

Количество просмотров: 226