• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Журат Абдуллаевди колдогондор митингге чыкты

23 Баш оона 2022 14:30 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылында ишкер Журат Абдуллаевди колдогон митинг өттү.

Чогулгандар Абдуллаевдин бошотулушун талап кылышкан.

Эске салсак, 19-августта «Үмүт жана Ко» фирмасынын ээси Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалган. Атайын кызмат андан «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынганын кабарлады. 20-августта Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Количество просмотров: 1341