• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Журналист Нарын Айыптын соту 22-февралга жылды

14 Бирдин айы 2018 13:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.02.18.Govori.TV

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков  журналист Нарын Айыптын батирин жана  «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттежин сатыкка коюу сунушу менен сотко кайрылды. Бул тууралуу соттук жыйын бүгүн Октябрь райондук сотунда өткөндүгүн  Govori.TV сайтына Нарын Айып өзү билдирди.

Нарын Айыптын айтымында, Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан батир ага гана эмес, анын апасына жана карындашына дагы тиешелүү. Андыктан батирди толугу менен сатыкка коюу мүмкүн эмес-дейт.

Ошондой эле журналист соттук отурум  22-февралга жылдырылганын айтты.

Эскерте кетсек, Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, «Zanoza.kg» сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот өкүмү чыккан.  Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган болчу.

Количество просмотров: 24