• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жууку капчыгайынын балатылары өкмөт башчысынын көзөмөлүндө

5 Бештин айы 201713:28 Бишкек Govori.TV

Активистер  социалдык түйүндөргө Жууку капчыгайы экологиялык катастрофанын алдында турганын жазып, видео-сүрөттөрду жарыялашкан. Бул маалымат коомчулука кеңири тарап, өкмөт башчыга чейин жетти.

Сапар Исаков Ысык-Көлдүн Жууку капчыгайындагы карагайларды ким кыйганын аныкташ үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекетик агенттигине, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө тапшырма берди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди.

«Сапар Исаков  ЫсыкКөл облусунун Жууку капчыгайындагы токой кыюуну токтотуп,  ага мындан ары тыюу салууну жана мыйзам бузуучуларга карата катаал чараларды көрүүнү тапшырды«, — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары укук коргоо органдары карагайды мыйзамсыз кыюуга тийиштиги барларды аныктап, жоопкерчиликке тартуу милдети жүктөлдү.

Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы биосфералык аймак макамына ээ, анын жаратылышы өзгөчө коргоодо турат.

Количество просмотров: 60