Жыл башынан бери канча өрт кырсыгы катталган болсо, алардын бирөөсүнүн дагы анык себептери такталбай келет
Жыл башынан бери канча өрт кырсыгы катталган болсо, алардын бирөөсүнүн дагы анык себептери такталбай келет
18 Аяк оона 201811:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.09.2018.Govori.TV.
Өрттү элибиз бекеринен «тилсиз жоо» деп атабаса керек. Анткени, ал айтканга, эскерткенге көнбөй күтүүсүз келип, заматта бүт жерди жалмап, жок кылууга жөндөмдүү.
Бүгүн, 18-сентябрда түн ортосунда Супара этно-комплесинин күйүп кетиши, көпчүлүккө күтүүсүз кейиштүү кырсык болду. Бул окуя менен кошо учурда Каракол шаарындагы базардын күйүп жаткандагы видеосу тарады. Окуяларды көрүп, эрксизден эмне болгонун түшүнбөй, статистикага таянбай эле быйылкы жылы болгон өрт кесепеттеринин тизмесин тизмелеп чыгууга аргасыз болдук. Анткени, коомчулук бул кырсыктарды айтайын уюштурулган деп билдирип жатышат. Бирок, жыл башынан бери канча өрт кырсыгы катталган болсо, алардын бирөөсүнүн дагы анык себептери такталып, коомчулукка таратылган эмес.
Алсак, январь айы Ош базары, март айы Сейтек базары, апрель айы Ош базарында ири өрт кырсыктары катталган.
Мындан сырткары ири Эт комбинаты, Таластагы токой, Жалал-Абад базары дагы күйгөн. Ушул жылдын сентябрь айындагы тилсиз жоодон көп имараттар күйүп күлгө айланды.
«Арзу Гранд» рестораны 1-сентябрда күйүп, урандылары гана калган эле. 15-сентябрда Бишкек шаарындагы Мадина базары өрттүн кесепетинен жабыркаган болчу.
Эскерте кетсек мындан сырткары Оштогу пирожки жасаган бутиктеги газ баллон жарылып, эне бала каза тапкан. Бул окуялар коомчүлүкту дүрбөткөнү менен алдын алуу аракеттери көрүлбөй жаткансыйт.
Учурда бул кесепеттердин чыгымдары такталып, келип чыгуу себептер изилденип жатат.