• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин көйгөйлөрү

23 Кулжа 202616:02 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин көйгөйлөрү» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Миргүл Кочконова — жергиликтүү кеңештин депутаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Үч -Коргон айылдык кеңешинин депутаты;
  • Самара Ракманова — Жергиликтуу кенештин депуты, “Наристе балалык таңы” бала бакчасынын тарбиячысы;
  • Гүлүмкан Байышова — Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаты, мугалим ;
  • Тамара Абдумомунова — Акман аймактык ден соолук комитетинин төрайымы.
Количество просмотров: 17