• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Жыл жыйынтыгы: Камактагы оппозиция, өзгөргөн желек… 2023-жылы коомчулукту дүрбөткөн окуялар

5 Үчтүн айы 2024 10:00 Бишкек Govori.TV

2023-жыл өткөн жылы октябрда жапырт кармалган саясатчы, активисттердин соттук иштери менен башталды. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 27 адам кармалган.  Бир топ нааразычык акциялардын, кайрылуулардын арты менен айрым айыпталуучулар үй камагына жаз менен чыга башташты.

Ал эми кармалган 6 аялдын эң акыркысы болуп укук коргоочу Рита Карасартованын үй камагына чыгарылышы бир топ талкуу жаратты.

Жалпысынан учурда 16 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыкса, 11 адам тергөө абагында отурат. Алардын камакта калуу мөөнөтүн Биринчи Май райондук соту тарабынан узартылып келет. Абактагылар утур-утур бийликке кайрылуу жолдогону менен иштин тергелип жатканына бир жылдан ашып олтурат. Ал эми президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абадчылар башка өлкөлүк элчиден акча каражатын алышканы тууралуу билдирүүсү айыпталуучулардын бир катар нааразылычыктарын жаратты.

Кемпир-Абад иши менен абакта жаткандардын иши бир жаңсыл боло электе азыркы бийликтин негизги оппозиционери болгон ЖК депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мамумаровдун кармалганы коомдо талкууга алынган окуялардын бири болду.

Жашы жете элек баласы менен чоогу кармалган Мадумаровдун иши парламентте да бир катар талаштарды жаратты. Деген менен Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптешин кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болуп берди.

 “Мамлекеттин чыккынчылыкка” айыпталган депутаттын иши сотто жашыруун каралууда. Отурумдарга саясатчынын жакындары, ЖКМ өкүлдөрү, тарапташтары да киргизилбей келет.

 “Бүтүн Кыргызстандын” лидеринин кармалышынан соң партиянын бир топ мүчөлөрү, алсак пенсионерден тарта, жаш партия мучөлөрүнө чейин суракка алынып, айрымдары абакка да алынып чыкты.

Белгилей кетсек, Мадумаров азыркы бийликти ачык сындап келген депутаттардын бири болчу. Жыйын учурунда ал өкмөт мүчөлөрүн кескин сынга алганынан улам, бир топ пикир келишпестиктер да болгон болчу.

Бийлик өкүлдөрүнө сын пикирин айтып, жалпы жыйында УКМК төрагасы менен кайым-айтыша кеткен депутат Өмүрбек Бакиров жыйынтыгында депутаттык мандатынан ажырап тынды. Ал шайланып келген №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы дээрлик эки жылдан кийин жокко чыгарылып, анын ордуна аталган шайлоодо Бакировдон кийинки орунду ээлеген Равшанбек Рысбаев келди.

Бул жылы дагы эки депутат диплом чырына байланыштуу мандаттарынан кол жууду. Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов мындай чечимге макул эместиктерин, дипломду мыйзамдуу жол менен алышканын айтып келишет.

Ал эми бир депутат Жаныбек Абиров эс алуучу жайда болгон мушташтан улам мандатынан ажырады. Абиров коомдогу бир катар сын кептерден улам мандатын тапшырып берүүгө аргасыз болгон.

ЖКдагы бош калган мандан үчүн бир эмес эки жолу шайлоо өтүп, алар чыр чатак, камоолор, сурактар менен коштолду. Акыры мандат саясатчы, экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу  Кубанычбек Самаковго тийди.

Коомчулук саясий окуялар менен кызуу алек болуп жаткан учурда Кыргызстандагы крим дүйнөнүн ана башы аталган Камчы Көлбаевдин УКМКнын атайы кызматы тарабынан уюштурулган атайы операциясы маалында жок кылынышы негизги темага айланды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө  тиешеси бар экени маалымдалды.

УКМК Кримтөбөлдүн асман чапчыган байлыгын баш кылып ачыктап, Көлбаевди каржылаган делип бир топ белгилүү ишкерлер кармалды. Мындан тышкары Көлбаевге катышты бар делип Бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун аты аталды. Алар менен катыштыгы бар делген мамлекеттик кызматкелердин жоон тобу иштен айдалганы маалым болду.

Кримтөбөл атыккан Көлбаевдин өлүмүнөн кийин өлкөдө бир топ жашырылган иштердин бети ачылгандай болду. Алсак, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубанычбек Коноевди атып кеткен деген шек менен эки киши кармалганы малымдалып, кылмышты Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү жасаганы айтылды. Ал эми кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталып, ошол жылдары саясатка чейин аралашкан Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө Көлбаев баш болгон дагы бир нече кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү аталды. Ал эми кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү биринин-артынан бири бул жолдон баш тартканын жар салып, видео кайрылуу жолдоп жатышты.

Крим дүйнө менен күрөш баштагын УКМКнын укуругу интимдик кызмат көрсөткөн жайларга  жетти. 

Деген менен интимдик кызмат көрсөткөн кыз-келиндердин жүзүн жана жеке маалыматтарын ачык жарыяланышы коомдо сын менен коштолду.

Көлбаевдин өлтүрүлүшү, биринин артынан бири кармалган ишкерлер, УКТ мүчөлөрүнүн кайрылуулары сууй электе коомчулуктун талкуу чордонуна түшкөн маселе тууну өзгөртүү демилгеси болду. ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган бул демилге коомчулук тарабынан катуу сынга алынды. Демилгечилердин жүйөсү — азыркы желектеги күн нурлары күн карамага окшош…

Ал эми Тууну өзгөртүүгө пикирин ачык айтып, нааразычылык акциясын уюштурам деген активист Афтандил Жоробеков камакка алынды.

Активист кармалган соң Бишкектеги Горький паркында тынч жыйын өтуп, анда катышкандар желекти өзгөртүүгө каршы пикирлерин айтышты. Ал эми соцтармакта онлайн флешмобдор уланып, жөнөкөй жарандан тарта, коомдук-саясий ишмерлерден бери каршы пикирлерин айтып жатышты.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун экинчи Элдик курултайда  Тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин жар салып, делегаттардын колдоп берүүсүн өтүндү.

Президенттин бул билдирүүсү эки анжы ойдо турган депутаттардын тандоо кылуусуна көмөктөштү өңдөнөт. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитет жыйынына андан  удаа эле жалпы жыйынга чыгып, шашылыш түрдө сүрөөгө алынып, каршы пикирлердин эч бири эске алынбастан 3 окууда колдоого алынды.

Жогорку Кеңеш жактырып берген жаңы желекти айрым спортчулар да тааныбай турганы айтып чыгышты.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдире коем деп УКМК төрагасы баш болгон бийлик өкулдөрүнүн кысымына кабылды.

Коомдогу бир топ нааразы, каршы кептерге карабастан 22-декабрда Президент Садыр Жапаров Тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду…

Узап бара жаткан жылдын дагы бир талкууга алынган окуясы өзүн “жаңы кудаймын” деген Арстан Алайдын кармалышы болду. Алгач, дайынсыз жоголгону айтылып, жакындары арыз менен милицияга кайрылган Арстан Алайдын дайыны эки күндөн кийин чыкты. Ал УКМК тарабынан кармалганы жана ал диний кастыкты козутууга айыпталып жатканы кабарланды.

2023-жыл коомчулукту дүрбөткөн, талаш жаратып жарандарды эки жээкке бөлгөн, саясатчыларды кызыл чеке кылып кырылткан окуяларга бай болду. Ал эми өкмөттүн келечекке пландары зор. 2024-жылы өлкө бюджети көтөрүлүп, мамлекеттик тышкы карызды да жабууга кыйла каражат бөлүнөрү айтылды. Албетте мунун баарын убакыт көрсөтө, ал эми биз өлкөбүздүн келечекке өнүгүү жолу түп-түз болуусун ниет кылып, эски жылды узатып, жаңы жылга кирип жатабыз.

Количество просмотров: 148