• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Зордук-зомбулукка каршы митингге депутаттар да чыкты

8 Чын куран 2021 13:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында «Зордук-зомбулукка каршы» аталышындагы митинг өттү. Акцияга Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашева, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешевдер катышты.

Депутаттар Ички иштер министри элдин койгон талабына сөзсүз жооп бериши керектигин белгилеп, өлкөдө акыйкаттуулукту орнотуу үчүн аягына чейин күрөшө тургандыктарын билдиришти.

Жаш кыздын өлүмүнө кайдыгер карабай митинге чыккан жарандар Өкмөт үйүнө барышты.

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Количество просмотров: 107