15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум ачык өтө баштады.
Сот отурумунда мурдагы депутат Курманкул Зулушев абактагы Эмил Узакбаевдин ден соолугуна байланыштуу маселени карап, зарыл болсо үй камагына чыгарууну өтүндү.
«Бул кишинин азыр өзүн өзү коргоо, баалоого мүмкүнчүлүгү да көрүнбөйт. Мунун баары чечим чыгарууга таасир этет. Баарыбыз кызыкдарбыз соттун тез өтүшүнө. Сот тез карап берсин, соттук-медициналык экспертиза жыйынтыкталсын. Үй камагына чыгарылсын, дарылансын. Сотту эрте бүтүрүлү десек, колдоп бериңиз», — деди Зулушев.